Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу маселелери, ошондой эле финансылык документтин 2014-жылга долбоору  талкууланды.

Президент Финансы министрлиги бюджетти натыйжалуу аткаруу үчүн бардык күч аракетин жумшап, бюджеттин социалдык жактан корголгон статьяларын так аткаруу чараларын көрүш керек экендигин белгиледи. 

2013-жыл 18-ноябрь