Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Корея Республикасына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Корея Республикасына учуп кетти.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе, Улуттук Ассамблеянын Спикери Канг Чанг Хи, Экспорт-импорттук Банктын төрагасы Ким Енг Хван, Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушат, ошондой эле кыргыз-кореялык инвестициялык форумга катышат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

 

2013-жыл 18-ноябрь