Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Казан шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2013-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге 2013-жылдын 17-ноябрында Казан шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Көңүл айтуунун тексти:

“Урматтуу Владимир Владимирович,

Көптөгөн адамдардын курмандарын алып келген үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Казань шаарындагы авиакырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул кырсыкта курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү  жеткирип  коюуңузду өтүнөм. 

Кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 18-ноябрь