Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Татарстандын Президенти Рустам Миннихановго Казан шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2013-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Миннихановго 2013-жылдын 17-ноябрында Казан шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Көңүл айтуунун тексти:

“Урматтуу Рустам Нургалиевич,

Ондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Казан шаарындагы авиакырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Самолет кыйрагандагы курмандыктардын арасында Сиздин уулуңуз Ирек бар экендиги өзгөчө кейитти.

Сиздин жакын адамыңыздан ажыраган ушул оор учурда  кайгыңызды тең бөлүшөм.

Чын дилимден чыккан  колдогон жана кайрат айткан сөздөрүмдү кабыл алып, курман болгондордун бардык туугандарына жана жакындарына көңүл айтып коюуңузду өтүнөм.

Кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев  

2013-жыл 18-ноябрь