Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Олимпиаданын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Каныбек Осмоналиевич!

60 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сизди кыргызстандыктар атактуу спортчу жана машыктыруучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары жакшы билишет.

Сиз Кыргызстан үчүн эң жогорку спорт сыйлыгын - Олимпиаданын алтын медалын жеңип алгансыз. Дүйнөнүн, Европанын, СССРдин бир нече жолку чемпиону болгонсуз.

Кыргызстандыктар Сиздин спорттогу жетишкендиктериңиз менен абдан сыймыктанышат. Сиз талыкпаган эмгегиңиз, жеңишке болгон умтулууңуз менен ысымыңызды алтын тамга менен  Кыргызстан спортунун тарыхына жазууга жетиштиңиз.

Спорт карьераңызды аяктаган соң, Сиз жаштар менен иштешүүгө баш отуңуз менен кириштиңиз. Спорт жана машыктыруучулукту коомдук иш менен бирге алып барып,  өлкөдө дене тарбиясын жана спортту даңазалоого жана өнүктүрүүгө олуттуу  салым кошуп жатасыз.

Мол тажрыйбаңызды, машыктыруучулук  өнөрүңүздү жана болгон күч-кубатыңызды мындан ары дагы Кыргызстандын жаркын келечегине -  чемпиондордун жаңы муунун тарбиялоого жумшайсыз деп ишенем!

Сизге чың ден соолук, узак өмүр жана зор бакыт-таалай каалайм!  

Кыргыз  Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 19-ноябрь