Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Президенти Пак Кын Хе менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-корей мамилелеринин актуалдуу  маселелери талкууланып, Президент Алмазбек Атамбаевдин Кореяга жасаган сапары эки мамлекеттин ортосундагы  мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө катуу түрткү берээри  белгиленди.

Тараптар Кыргызстан жана Кореянын ортосундагы кызматташтыкты эки тараптуу да, ар тараптуу форматта да жандандыруу зарыл экендигин белгилешти.

Президент Пак Кын Хе белгилегендей, Кыргызстан жана Корея дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери достук өнөктөштүктү тынымсыз өнүктүрүп келе жатышат.

Мамлекет башчысы Корея Кыргызстан жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен кызматташтыкка кызыкдар экендигин баса  белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууга өзгөчө маани берди. Кореялык лидер ошону менен бирге Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин  ичинен Президент Алмазбек Атамбаев биринчи болуп Кореяга келгендигин белгилеп өттү.

“Мен Кыргызстанда мындан ары демократияны чыңдап, экономиканы өнүктүрүү  үчүн сиздер Корея менен кызматташтыкты чыңдоого олуттуу мамиле кылып жатканыңарды байкадым. Мен дагы өлкөлөрүбүздү өнүктүрүү жолунда биргелешип, чогуу  аракеттенебиз деген үмүттөмүн”, - деди Пак Кын Хе жолугушууну жыйынтыктап жатып.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдеринин жакындыгын белгилеп, 2007-жылы ушул эле күндөрү Кореяга жасаган сапары  тууралуу жакшы эскерүүлөрү менен тең бөлүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле эки тараптуу байланыштарды мындан ары ырааттуу өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп өттү. “Кореянын өнүгүшүнүн мисалы – демократиялык жол ийгиликке алып келээрин көрсөттү, эң негизги элдин руху, эркиндиктин руху”,- деди Президент.

Жолугушуудан кийин Президенттердин катышуусу менен эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Тактап айтканда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз  жардам жөнүндө алкактык макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан айдоочу күбөлүктөрдү   өз ара  таануу  жана алмаштыруу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосунда  энергетика жана өнөр жай тармагындагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум. 

2013-жыл 19-ноябрь