Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Спикери Кан Чан Хи менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын Спикери Кан Чан Хи менен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, Спикер Кан Чан Хи Кыргызстандын демократия орнотуудагы жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдөгү ийгиликтерин белгиледи.

Өз кезегинде Мамлекет башчысы  Кыргызстан жана Корея үчүн жекече бийлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген өнүгүүнүн демократиялык  жолу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

 

 

2013-жыл 19-ноябрь