Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын төрагасы Ким Ёнг Хван менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында  өлкөнүн Экспорттук-импорттук банкынын төрагасы Ким Ёнг Хван менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  кореялык ири  компаниялар үчүн Кыргызстандын  инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, кыргыз-кореялык биргелешкен инвестициялык долбоорлорду  кредиттөө мүмкүнчүлүктөрү  тууралуу маселелер талкууланды.

 

2013-жыл 19-ноябрь