Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-кореялык инвестициялык форумдун ишине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында өткөрүлгөн кыргыз-кореялык инвестициялык  форумдун ишине катышты.

 Мамлекет башчысынын сөзүнүн тезистери:  

“Урматтуу форумдун катышуучулары!

Айымдар жана мырзалар!

Кыргызстан менен кызматташууга  кызыгуу жараткандыгыңыздар үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем!

Өлкөлөрүбүз Азиянын ар түрдүү бөлүгүндө жайгашкандыгына карабастан, элдерибиздин басып өткөн жолунда  бир  катар окшоштуктар бар. Кыргыз эли бай маданий дөөлөттөргө ээ. Корейлер сыяктуу эле кыргыздар дагы мамлекеттүүлүк, эркиндик жана эгемендүүлүк  үчүн көп кылымдык салттары бар Азиянын байыркы элдеринин бири.

Элдерибиздин Мекен символдору дагы окшош экендигин белгилей кетейин. Сиздердики – Пектусан. Биздики – Ала-Тоо. Корейлер дагы, кыргыздар дагы ар дайым жаратылыш менен эриш-аркак жашаганга умтулуп келишкен. Корейлер дагы, кыргыздар дагы түбү – Алтайдан.

Элдерибиздин тарыхы дагы оомал-төкмөл ХХ кылымда укмуштуудай чырмалышканы таң каларлык.  37 жылы Сталиндин буйругу менен миңдеген  корейлер Кыргызстанга көчүрүлгөн. Меймандос кыргыз эли аларды кабыл алып, баш паанек берген эле.  

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасынын, социалдык жана саясый турмушунун түрдүү тармактарында Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, 20 миңге жакын корейлер эмгектенип жатат.

Акыркы жылдары менин мекендештерим, кыргызстандыктар, сиздердин өлкөгө  активдүү каттай баштады. Окуганы, иштегени, турмуш курганы келип жатышат. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы калыптанып калган экономикалык жана дипломатиялык байланыштар  миңдеген жарандарыбыздын адамкерчилик мамилеси менен  бекемделүүдө.

 “Корея керемети” деп калыс аталган ийгиликке жетүүнүн кореялыктардын жолу, демократия орнотуу жана заманбап индустриялуу коом куруунун  ыкмаларын үйрөнүүгө биз абдан кызыктарбыз.

Бүгүнкү күндө “Кореяда жасалган” деген марка ишмердүүлүктүн кайсы тармагында болбосун сапат белгисин, ишенимдүүлүктү жана жогорку стандарттарга жооп берүүнүн синонимин туюндуруп калды.

Кымбаттуу достор,

Учурда Кыргызстан 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын кабыл алды. Биз демократиялуу саясый системаны чыңдоо, экономиканы тездетип өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу боюнча алдыбызга зор милдеттерди белгиледик. Биз өз күчүбүз менен өзгөрүп, ачык мамлекет болуп, дүйнөнүн бардык демократиялуу өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө багыт алдык.

Гидроэнергетика жана тоо кендерин иштетүү өнөр жайы, транспорттук инфраструктура, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, туризм экономикабыздын приоритеттүү тармактарынан болуп саналат. Өлкөбүз  көмүрдүн жана металлдардын запастарына, сууэнергетикалык ресурстарына бай.

Ушул тармактарда заманбап жаратылышты коргоо технологияларына ээ, Кыргызстандын кызыкчылыктарына урмат менен мамиле жасаган ири стратегиялык инвесторлор кызыгарлык иштер бар. Андай инвесторлор үчүн өлкөбүз эшигин кеңири ачып, ишмердигине жакшы шарттарды түзүп берет. Экономикабыздын бул тармактары жогорку кирешелүү, инвестиция салгандар максималдуу экономикалык натыйжаларга жетише алат.

«POSCO» компаниясы тарабынан Таш-Көмүр шаарында ишке ашырылып жаткан феррокошунду куюучу заводдун курулуш долбоорун өзгөчө белгилеп кетким келет. Аталган долбоор Борбордук Азиядагы эң ири өнөр жай объектиси болуп калышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө экономиканын түрдүү тармактарында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткан биздин эң маанилүү экономикалык өнөктөштөрүбүз - Россия Федерациясы менен Кытай Эл Республикасы. Мен Корея Республикасынын инвесторлорун Кыргызстанда өздөрүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын ишке ашыргысы келген өлкөлөрдүн катарына кошулууга чакырам.

Ал үчүн бардык керектүү шарттар бар. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын Өкмөттөрү ортосунда экономикалык кызматташуу; инвестицияларды колдоп, коргоо; кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлуп, иштеп жатат. Кыргызстанда учурда Борбордук Азияда гана эмес, бүт КМШ өлкөлөрү боюнча тике салыктар эң төмөн экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Өлкөбүз курамында Белоруссия, Казакстан жана Россия болгон Бажы союзуна кирүү боюнча саясий чечим кабыл алды.

Бирок! Бажы союзуна биз Дүйнөлүк Соода Уюмундагы мүчөлүгүбүзгө зыян тийбегендей кылып кирерибизди өзгөчө белгилеп кетейин. Мындай кадам бизге бул өлкөлөрдүн рынокторунда товар жана кызматтарды тоскоолдуктарсыз сатууга мүмкүндүк берет деген үмүттөбүз. Түштүк Кореянын ишкерлеринин Кыргызстанга жумшаган инвестициялары биздин ресурстарды гана колдонбостон, биздин өлкөнүн Бажы союзунун мүчөсү жана биздин эки өлкөнүн Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү катары берилген мүмкүнчүлүктөрдү дагы пайдаланууга жол ачат.

Акыркы кезде Кыргыз Республикасында ишкердик чөйрөнү жана ивестициялык шарттарды жакшыртуу боюнча чоң жумуштар аткарылууда. Коррупция менен аеосуз күрөш жүрүп жатат. Так ушул коррупция өткөн жылдарда коомдун улуттук кызыкчылыктарын эске албай туруп рынокко кирген биздин өлкөдөгү айрым инвесторлорго проблемаларды жаратты.

Ишкердиктин өнүгүүсүнө тоскоол болгон административдик тоскоолдуктарды азайтуу үчүн ички мыйзамдар дагы кыйла өзгөрүп жатат.

Кымбаттуу достор!

Биз кореялык компаниялар менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Албетте, биз үчүн улуттук долбоорлорду ишке ашыруу, жогорку технологиялык өндүрүштү түзүү, Кыргызстандын аймагында ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу өзгөчө мааниге ээ.

Бүгүнкү жолугушуудан кийин биздин соода-экономикалык кызматташтыгыбыз мындан дагы жигердүү алдыга жылат деп ойлойм!

Инвестициялык семинар биздин өлкөлөрдүн ишкерлердин ортосундагы байланышты жана ишенимди бекемдөөгө, кызматташтыктын жаңы тармактарын жана формаларын табууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем.

Инвестициялык форум жакшы жыйынтыктарга жетишин, бардык катышуучуларга ден соолук жана ийгилик каалайм!”

2013-жыл 19-ноябрь