Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кореянын Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо боюнча Комиссиянын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында  өлкөнүн Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо  боюнча Комиссиянын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Корея Республикасынын коррупцияга каршы күрөштөгү тажрыйбасы  талкууланды.

Ли Сунгбо  Комиссиянын ишмердиги жана иш жүргүзүүнүн антикоррупциялык ыкмалары  менен жакындан таанышып үйрөнүү  үчүн Кыргызстандын өкүлдөрүн Кореяга чакырды. 

2013-жыл 20-ноябрь