Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кукивон» таэквон-до академиясынын Бүткүл дүйнөлүк борборунда болду

Бүгүн, 2013-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында  Сеул шаарындагы «Кукивон» таэквон-до академиясынын  Бүткүл дүйнөлүк борборунда болду.

«Кукивон» таэквон-до академиясынын Бүткүл дүйнөлүк борборунун президенти Ли Кю Хон Президент Алмазбек Атамбаевге таэквон-до боюнча ардактуу  9-чу данды ыйгаруу тууралуу сертификатты тапшырды.

Мамлекет башчысына жана делегация мүчөлөрүнө спортчулардын көрсөтмөлүү оюндары тартууланды.

Борбордун иши менен таанышуунун жүрүшүндө Кыргызстанда спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүүнүн  келечеги талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасына жасаган расмий сапары ушуну менен соңуна чыгып, Мамлекет башчысы түш оодарып Бишкекке кайтып келди.

2013-жыл 20-ноябрь