Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Прокурор болуу - чоң жоопкерчилик. Өлкөнүн бардык жарандарынын мыйзам алдында бирдей  укукка ээ экендигин камсыз кылганда гана мамлекет  укуктук, демократиялуу деп аталышы мүмкүн. Мындай жагдай сиздердин кесипти аркалагандарга өзгөчө  талаптарды коет.

Прокуратура – адамдар башына кыйынчылык иш түшкөндө кайрыла турган  мамлекеттик  орган.  Прокуратуранын ишмердигине жараша  калктын мамлекеттик бийликке карата мамилеси калыптанат.

Жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу, коррупцияга жана кылмыштуулукка  каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу сиздердин ишиңиздердин  негизги багыты болуга тийиш.

Өлкөдө  тынчтыкты  жана ынтымакташтыкты сактоого, Кыргызстанда укуктук мамлекетти калыптандырууга  олуттуу салым кошосуздар деп  терең ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 22-ноябрь