Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды.

Мамлекет башчысы Астрид Торс айымды улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссары кызматына шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Этностор аралык  мамилелер боюнча  Кыргызстан  ЕККУнун Жогорку комиссарынын  офиси менен  кызматташуу мындан ары чыңдалаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстандын  этностор саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары  талкууланды. Тактап айтканда,  көп тилдүү көп маданияттуу билимдин артыкчылыгын сактоо менен мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу, азчылыктын укуктарын коргоодо эл аралык нормаларды сактоо жана ачык башкаруунун түрдүү маселелери  тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Астрид  Торс  Кыргызстан менен  кызматташууга  жана өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

 

2013-жыл 22-ноябрь