Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджановду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө директор Мамлекет башчысына өлкөдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ведомство тарабынан  көрүлүп жаткан чаралар, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын «Курчап турган чөйрөнө коргоо» бөлүмүнүн даярдалышы жана белгиленген приоритеттерге жана милдеттерге жетишүү боюнча бир катар иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөдөгү  түрдүү жапайы жан-жаныбарларды сактоонун жана жаратылышты рационалдуу пайдалануунун маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы директордун көңүлүн өнөр жай ишканаларынын ишмердигинде жана жер казнасын пайдалануу иштеринде  экологиялык ченемдерди  четке кагууга жол бербеш керек экендигине бурду.

 

2013-жыл 26-ноябрь