Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ци Даюйду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ци Даюйду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мындан аркы кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин 2013-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

2013-жыл 27-ноябрь