Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев депутат А.Келдибековдун тарапташтарын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев депутат А.Келдибековдун Ош облусунан Бишкек шаарына келген тарапташтарын кабыл алды.  

Жолугушуунун жүрүшүндө камакка алынган А.Келдибековго байланыштуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна  А.Келдибековдун тарапташтарын кабыл алуу тууралуу өтүнүчүн жеткирип, Мамлекет башчысын жолугушуу тууралуу маалымдаарын белгиледи. Ошол эле учурда кылмышты иликтеп жатканда чара көрүү тууралуу чечимди кабыл алган  прокуратура жана соттор мыйзам чегинде гана иш жүргүзүп, конкреттүү кылмыш ишиндеги жагдайларга жараша аракет кылаары баса белгиленди.

2013-жыл 28-ноябрь