Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев вице-президент Дитрих Мёллер жетектеген «Сименс АГ» концерндин делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев вице-президент Дитрих Мёллер жетектеген «Сименс АГ» (Siemens AG) концерндин делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен «Сименс АГ» концернинин экономиканын түрдүү тармактарында жана саламаттык сактоодо кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоодо, энергетикада жана экономиканын башка тармактарында  кызматташуунун келечектүү экендиги белгиленди.

Вице-президент Дитрих Мёллер Мамлекет башчысына «Сименс АГ» концернинин өкүлдөрү Кыргызстанга таанышуу сапары  менен келгендигин айтты.  “Биз энергетика жана өнөр жай, саламаттык сактоо, транспорт жана коммуникациялар министрликтеринин жетекчилери, энергокомпаниялардын өкүлдөрү менен бир катар пайдалуу жолугушууларды өткөрдүк. Кыргызстанда  иштей турган мүмкүнчүлүк көп экенин көрдүк”,- деди Дитрих Мёллер.

Президент Алмазбек Атамбаев  компаниянын өкүлдөрүн жылуу кабыл алып,  Кыргызстан «Сименс АГ» сыяктуу ири компаниялардын өлкөнүн  экономикасына инвестиция салууга кызыгуусуна абдан кызыкдар экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык рыногунун мүмкүнчүлүктөрү жана кызыктуу жактары тууралуу, коррупцияга каршы күрөштө, текшерүүчү органдардын санын кыскартуу жана бизнести колдоо боюнча  мамлекеттин көрүп жаткан чаралары  тууралуу айтып берди.

Жолугушууга  «Сименс»ЖЧКнын вице-президенти, Россия Федерациясындагы энергетика секторунун директору Андрэ Петри, «Сименс Россия» ЖЧКнын мамлекеттик органдар менен байланыштар боюнча вице-президенти Сергей Крылов  жана  «Сименс Россия» ЖЧКнын вице-президенти Евгений Городный дагы катышышты.

Маалымдама: «Сименс АГ» - электроника жана электротехника тармагындагы дүйнөлүк лидер. Концерн индустрия, энергетика жанасаламаттыкты сактоо тармактарында, ири шаарлардын инфраструктурасына  байланыштуу маселелерди чечүү багытында  иш алып барат.

2013-жыл 28-ноябрь