Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог өткөрүлүүдө

Бүгүн, 2013-жылдын 2-декабрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында саясый партиялардын, жарандык коомдун уюмдарынын жана башка кызыктар түзүмдөрдүн катышуусу менен ЕККУнун Бишкектеги борборунун, Шайлоолор системаларынын эл аралык фондунун (IFES) жана USAID колдоосу алдында Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнчакоомдук диалог өткөрүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Данияр  Нарымбаев иш чарада модераторлук милдетти аткарды.

Данияр Нарымбаев жыйынды ачып жатып, 2015-жылы өлкөнүн парламентине  таза жана ачык шайлоо өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын  шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Президенттин демилгеси жарандык коомдун, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын жана башка кызыктар түзүмдөрдүн кеңири колдоосуна ээ болгондугун белгиледи. “Мына ушуга байланыштуу эл аралык уюмдардын колдоосу менен бүгүнкү коомдук диалогду өткөрүү  тууралуу чечим кабыл алынды”,- деди  Аппарат Жетекчиси.

Данияр Нарымбаев  коомдук диалогко катышуу үчүн кызыктар болгон кеңири коомчулук – өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү маселесине кызыктар болуп, калыс шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшүүгө ынтызарланган саясый партиялар, бейөкмөт уюмдар, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакыртылган.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси   Кыргызстандын юстиция министрлигинде  188 партия катталгандыгын белгилеп өттү. “Коомдук угууларга катышууга чакыруу бардык партияларга жөнөтүлдү. Бирок, 92 адресат табылган жок, чакыруулар кайтып келди. Парламентке өтпөй калган 20 партия  жаңы шайлоо технологияларына кызыгаарын билдиришти”,- деди Данияр Нарымбаев.

Коомдук диалогдун күн тартиби тууралуу айтып келип, Президенттин Аппарат Жетекчиси шайлоо процессинин актуалдуу маселелерин кароо болжолдонуп жаткандыгын белгиледи. Тактап айтканда, шайлоочулардын тизмеси актуалдуу жана так болуп, ал эми ал тизмени бурмалоо дээрлик жокко эсе болгудай шайлоочуларды каттоонун механизмдерин түзүү, шайлоо округдарынын системасын калыптандыруу маселелери каралмакчы.

Иш чаранын катышуучулары бүгүнкү коомдук диалог өлкөнүн саясый системасын туруктуу жана ырааттуу өнүктүрүү, саясый диалогдун маданиятын жана саясый элитанын макулдашууга жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу боюнча абдан маанилүү милдет өтөйт деп белгилешти.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси Сергей Капинос жаңы шайлоо технологияларын пайдалануу маселесин көтөрүп келип, алар жакшы изилденген болуш керектигин, анткени алардын тобокелчилик жагдайлары бар, шайлоо учурунда мыйзам бузуулардан биротоло коргой турган деңгээлде эмес экендигин белгилеп өттү. “Эң башкысы – өлкөнүн өзгөчөлүгүн толук эске алуу керек жана жаңы технологияларды максималдуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу зарыл”,- деди ал. Шайлоолор процессин ачык өткөрүү жана шайлоочуларды кеңири камтуу шайлоолорго даярдык көрүүнүн маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелип, шайлоо процессинин легитимдүүлүгүнө калктын ишенимин чыңдоого көмөктөшөөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин жаңылоо боюнча Кыргызстандын БШКна айрым сунуштамалар берилди.

ДИАУБ/ЕККУнун шайлоолор боюнча кеңешчиси Лусине Бадаляндын айтымында Кыргызстандын БШКсы шайлоочуларды каттоонун системасы боюнча комплекстүү эрежелерди иштеп чыгууга тийиш. Ал эрежелерде шайлоочулардын тизмесин жаңылоонун принциптери, бардык деңгээлдеги  башкаруу жана жоопкерчилик маселелери чагылдырылууга тийиш. Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана жаңылоо боюнча бардык кадамдар чечмеленип жазылган так жана заманбап жол-жоболорду иштеп чыгуу зарыл.

Жыйынтыктап жатып Данияр Нарымбаев эки  күндүк талкуунун натыйжасында иштелип чыккан сунуштамалар Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн  Улуттук Кеңешине берилет жана өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган өзгөрүүлөрдүн негизин түзөт деген ишенимин билдирди.

Эки күнгө созулган Коомдук диалогдун алкагында шайлоо системасынын түрдүү багыттары боюнча маселелерди талкуулоо болжолдонууда.

2013-жыл 2-декабрь