Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрбөй туруп, айыл чарбасын өнүктүрө албайбыз”

Бүгүн, 2013-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында өлкөнүн асыл тукум мал чарбаларына атайын техникаларды жана жабдууларды тапшыруу салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  Кыргызстанда  эгемендик жылдары  айыл чарбасына, тактап айтканда     асыл тукум мал чарбачылыгына тиешелүү көңүл бурулбагандыгын белгиледи. “Мен муну жакшы билгеним Ф.А.Стрельникова атындагы совхоздо чоңойгом. Биздин айылда  кийин Айыл чарба министрлигинин туура эмес саясатынан улам жоюлуп кеткен  мамлекеттик асыл тукум мал чарбасы  бар эле.  2011-жылы Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  2011-2015-жылдары Кыргызстанда  асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн  Улуттук стратегиясы кабыл алынган. Биз кредиттерди бөлүп, техника бере баштаганбыз. Асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрбөй туруп айыл чарбасын өнүктүрө албайбыз. Асыл тукум мал чарбачылыгынын өлкөнүн экономикасындагы  мааниси зор”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  конкурстук негизде Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги  (ЮСАИД)  тарабынан тандалып алынган асыл тукум мал чарбаларынын 10 жетекчисине жалпы наркы 3 млн.408 миң долларлык атайын техника менен жабдууларды алууга сертификаттарды тапшырды. Жалпы саны 407 техниканын арасында ирригациялык, тоют жыйноочу жана сүт сааган жабдуулар, атайын тракторлор жана комбайндар,  тоют миксерлери жана жем майдалоочу техника бар.

Мамлекет башчысы АКШ Өкмөтүнө жана АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратленге, ЮСАИДге мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө Президент  мындан тышкары  өлкөдө болуп жаткан митингдер жана нааразычылык акциялары тууралуу  пикирин билдирди. “Биз коррупцияга каршы  аеосуз күрөш жүргүзөөрүбүздү баса белгилейм. Айрымдар мени митингдер жана башка акциялар менен коркутам деп аракет жасап жатат. Мен  жалпы эл тарабынан шайланган Президент катары  бир нече миң адам бүт өлкөгө  шарт коюшуна  жол бербейм. Президенттик мөөнөтүм соңуна чыккыча  өлкөдөгү эң башкы көйгөй болгон  коррупцияны талкалоого, жагдайды жакшы жагына бурууга сөзсүз жетишем. Балким мен  жакындарымдан, туугандарымдан жана досторумдан ажырап калышым мүмкүн, бирок эч кимге аео болбойт. Биз мамлекетте тартипти орнотобуз, коррупцияны түп тамырынан бери жоебуз”,- деп баса белгиледи  Алмазбек Атамбаев.

Техникаларды тапшыруу салтанатына  айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Кулматов, АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен дагы катышышты.

2013-жыл 3-декабрь