Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Красная Речкадагы атайын жатак-мектепте болду

Бүгүн, 2013-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын жатак-мектебинде болду. 

Мамлекет башчысы жатак-мектептин тарбиялануучуларынын жашоо жана окуп билим алуу шарттары менен таанышып, сабакка катышып, балдар менен баарлашып, атайын билим берүүчү мекеменин мугалимдери жана тарбиячылары менен жолугушуу өткөрдү.

Президент  жатак-мектептин жамаатын  талбаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, жүргүзүп жаткан иштеринин  маанисин баса белгиледи.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы билим берүү жана илим министри Канат Садыковго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Кулматовго  тарбиялануучулардын тамак-ашын жакшыртуу, педагогдордун ишине зарыл шарттарды жана атайын мектептердин материалдык-техникалык  базасын жакшыртуу маселелерин чечүү боюнча  тапшырма берди.

Президент балдардын билим берүү мекемесине белек катары микроавтобус тартуулады.

2013-жыл 3-декабрь