Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн Президентинин  алдында соттук реформа боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын маанисин баса белгилеп, Кеңештин ишинин жүрүшүнө жана анын алкагында жыйынтыктуу жана конструктивдүү диалог уюштургандыгына канааттангандыгын билдирди. “Кеңеш иштиктүү экендиги  көрүнүп  турат: жакшы сунуштар иштелип чыгып,  мүчөлөрдүн учурдагы жана  улам келип чыккан сын пикирлери эске алынып жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Жыйында судьялардын кесиптик милдетин аткаруудагы, мыйзамдарды жана судьялардын ар намыс Кодексин  кыйшаюусуз сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу максатында эксперттик жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан  сунуштары талкууланды. Бул максаттарга судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун институтционалдык жана жол-жобо механизмдерин жакшыртуу жолу менен жетүү болжолдонууда. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы тартип боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү жолу менен. Азыркы учурда комиссия мүчөлөрү жалаң судьялардан турат.

Кеңеш мүчөлөрү сунушталган документтерди жалпысынан колдоого алып жана бир пикирге келип, келип чыккан бардык маселелерди тыкыр кароого негизделген жаңылыкты этап-этап менен ишке киргизүү керек деген пикирлерин айтышты.

Мындан тышкары Кеңеш мүчөлөрү судьяларды тандоо процессин өркүндөтүүгө  багытталган мыйзамдардын долбоорлорун талкуулашты.

Кеңеш мүчөлөрү сунушталган документтердин концепциясын колдоого алып, алдыга коюлган максатка жетүүнүн жолдорун жана формаларын абдан тыкыр кароонун зарылчылыгын белгилешти.

 

2013-жыл 4-декабрь