Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түштүк Африка Республикасынын Президенти Джейкоб Зумага Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу жолдоду

Бүгүн, 2013-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түштүк Африка Республикасынын Президенти Джейкоб Зумага демократия жана эркиндик  идеалдары үчүн күрөшкөн,  ысымы ааламга таанымал Түштүк Африка Республикасынын мурдагы Президенти Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу жолдоду.

Көңүл айтуунун тексти:

“Улуу урматтуу,

Демократия жана эркиндик идеалдары үчүн күрөшкөн ысымы ааламга таанымал,  Түштүк Африка Республикасынын мурдагы Президенти Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

 “Улут атасы” катары өз элинин эркиндиги жана өлкөдө тынчтыкты кайра калыбына келтирүү үчүн Нельсон Мандела узак жана татаал жолду басып өттү.

Нельсон Манделанын жаркын элеси биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Түштүк Африканын бардык элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Терең кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 6-декабрь