Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңар менен куттуктайм!

Бүгүнкү турмушубузду телекөрсөтүү жана радиосуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Сиздердин эмгегиңер менен ар бирибиз  бардык окуялар тууралуу маалымат алып, коом турмушуна терең аралашып, дүйнө таанууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Азыркы учкул заманда сиздер турмушубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калдыңар. 

Телекөрсөтүү жана радио адамдарды бириктирип, жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ. Өлкөдөгү тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышы сиздердин кесипкөй ишиңерге жана жоопкерчиликтүү мамилеңерге көз каранды экендиги шексиз. Демек, өлкөбүздүн жаркын келечеги да сиздердин колуңарда.

Кесиптик майрамыңарда сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубат турмуш  каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 7-декабрь