Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 9-декабрында. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысына кыргыздын эпикалык трилогиясы «Манас. Семетей. Сейтек» адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин атайын тизмесине киргизилгендиги  тууралуу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин чечиминин көчүрмөсү тапшырылды.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин  8-жыйынынын ишине катышууга барган  делегацияны жетектеген Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаковдун  эмгегин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул окуянын Кыргызстан эли үчүн мааниси зор экендигин баса белгиледи. Эпикалык трилогиянын негизги идеялары – гуманизм, интернационалдуулук жана улуттук биримдик бүгүнкү күндө дагы маанисин жогото электигине токтолду.

Президент ошону менен бирге, «Манас. Семетей. Сейтек» трилогиясы адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин атайын тизмесине киргизилиши  дүйнөлүк коомчулук  кыргыз эпосунун дүйнөлүк маданияттагы  маанисин  тааныгандыгынын  ачык далили экендигин баса  белгиледи.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков, Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Эльнура Корчуева, Улуттук комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Кудайбердиева, Улуттук комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев дагы катышышты.

2013-жыл 9-декабрь