Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Патриция Флорду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Патриция Флорду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Европа Союзунун өз ара кызматташуусунун түрдүү маселелери, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа Союзуна жасаган расмий сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча  Атайын өкүлү Патриция Флор расмий сапардын жүрүшүндө жетишилген  макулдашуулардын ишке ашырылышына канааттангандыктарын, түрдүү тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө ишенимин билдиришти.

2013-жыл 10-декабрь