Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасында Адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды Адам укуктарын коргоо күнү жана 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясынын 65 жылдык мааракеси менен  куттуктайм.

Эгемендик жылдарында Кыргызстан көптөгөн сыноолорду баштан кечирди. Карапайым мекендештерибиздин эмгеги, Кыргызстандын жаркын келечегине болгон зор ишеними мамлекеттүүлүгүбүздү, элибиздин биримдигин сактап калды.

Адам укуктарын негизги баалуулук катары таанытуу үчүн, ар бир жараныбыз улутуна, динине жана социалдык статусуна карабастан тең укуктуу, мыйзам алдында бирдей жоопкер болушу үчүн Кыргызстан көптөгөн жоготууларга учурады.

Биз Борбордук Азия аймагында биринчи болуп парламенттик демократияга багыт алдык. Алгачкы кадамдар жасалды, бирок алдыда көптөгөн милдеттер турат. Эң башкысы - мыйзамды урматтаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Жоопкерчиликсиз эркиндик болбойт, мыйзамдын диктатурасы гана бизди чыныгы эркиндикке жеткире алат.

Биз алдыга койгон бийик максатыбызга жетүүгө - эркин, көз карандысыз жана гүлдөп өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз.

Бардыгыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык жана ынтымак-ырашкерчилик, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 10-декабрь