Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн Президентине караштуу Соттук реформа боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун  жүрүшүндө Кеңеш мүчөлөрүнүн бардык сунуштары жана пикирлери эске алынган чечимдер кабыл алынды.

Кеңеш мүчөлөрү  эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан, судьялардын өз кесиптик милдетин аткаруудагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган мыйзамдардын долбоорлорун колдоого алышты. Тактап айтканда, Кеңеш мүчөлөрү эксперттик топтун  Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин  алдындагы тартип комиссиясын калыптандыруу тууралуу  сунушуна макул болушту. Тартип комиссиясынын курамы 9 адамдан  түзүлөт, алар - судьялар корпусунун, жарандык коомдун, Президенттин жана Жогорку Кеңештин талапкерлери болот.

Облустук прокурорлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяларга карата кылмыш ишин козгоо укугун ыйгаруу тууралуу  маселе боюнча бир катар пикирлер айтылды. Терең талдоо жүргүзгөндөн кийин компромисстик чечимдин варианты иштелип чыкты. Кабыл алынган чечимдин негизинде эми кийинкиге калтырууга болбой турган шарттарда гана Башкы прокурор облустук прокурорлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяларга карата кылмыш ишин козгоо укугун ыйгара алат.

Мындан тышкары, Кеңеш мүчөлөрү Жогорку Кеңештин  депутаттары Галина Скрипкина жана Токтогул Туманов тарабынан иштелип чыккан мыйзамдардын   пакетин колдоого алышты. Документтер судьялар кызматына конкурстук тандап алуунун жол-жоболорду өркүндөтүүгө багытталган.

Тактап айтканда, мыйзам долбоорлору  судьяларды тандап алуу боюнча Кеңештин мүчөлөрүн өздөрү кайра  чакыртып алуу  тартибин караштырууну, үчүнчү турда Кеңеш мүчөлөрүнүн  добуш берүү жол-жобосун жокко чыгарууну  сунуштайт. Ошол эле учурда  баллдарды коюу  тартибин  сактоо, эң көп балл топтогон  талапкерлерди Президенттин кароосуна  судьялардын  бош орундарына шайкеш сандагы кызматка сунуштоого жана  дайындоо үчүн сунуш кылуу тартибин  сактоо сунушталууда.

Ошону менен бирге, мыйзамдын долбооруна ылайык, эгерде  Кыргыз Республикасынын Президенти талапкерлерди негиздүү кайра кайтарса, же мурда  сунушталган талапкерлерди  шайлабаса, судьяларды тандоо боюнча Кеңеш жаңы талапкерлерди сунуштай алат. Жаңы талапкерлер топтогон баллдарынын негизинде  Кеңеш тарабынан түзүлгөн кошумча тизмеден сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңеши тарабынан каралган бул мыйзам долбоорлору демилгечи депутаттар тарабынан   коомдук талкууга коюлат,  мыйзам тарабынан каралган тиешелүү экспертизадан өткөрүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев жүргүзүлүп жаткан  өлкөнүн  сот системасын реформалоонун маанисин баса белгиледи. “Кыргызстан көз карандысыз, адилет сот системасы жок  өнүгө албайт. Биринчи кезекте өлкөнүн жарандары  сот системасындагы реформалардын жыйынтыктарын сезүүгө тийиш”,- деп белгиледи Мамлекет башчысы.

2013-жыл 10-декабрь