Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 11-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын  интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Мамлекет башчысын  жана кеңешменин катышуучуларын  Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын  Бажы  бирлигине кирүү тууралуу Кыргызстандын “жол картасын” Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алгандыгын маалымдады.

“Сунушталган жол картасы Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт, кыргыз тараптын эксперттерин катыштырбай туруп толукталып иштелген жана Евразия  экономикалык комиссиясы  Кыргызстандын Өкмөтү менен расмий түрдө макулдашпай туруп колдоого алган”,- деди Жоомарт Оторбаев.

Ошону менен бирге Жоомарт Оторбаев  азыркы абалында “ жол картасы” Кыргызстанга  таптакыр ылайыгы жок, аны кабыл алууга болбойт, кабыл алынса өлкөдө  бир топ социалдык проблемаларды жаратышы ыктымал экендигин белгиледи. Анын сөзү боюнча мындай бүтүмдү ушул маселе боюнча  иштеген ведомстволор  аралык комиссия чыгарган.

Биринчи вице-премьер-министр Президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан Өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясына жол картасынын өз  вариантын жөнөткөндүгү, анда Кыргызстандын  кызыкчылыктары жана позициясы толук чагылдырылгандыгы, мына ошол жол картасы  Кыргызстандын Бажы бирлигине  кирүү боюнча сүйлөшүү процессинин негизи катары кабыл алынышы керек экендиги тууралуу маалымдады.

Экономика министри Темир Сариев кеңешмеде  “жол картасынын мазмунуна байланыштуу маселелерден тышкары дагы  бир катар проблемалар  али ачык боюнча жана макулдашыла элек, ошолорду дагы чечүү зарыл”  экендигин белгиледи.

Кеңещменин жыйынтыктап жатып Президент Алмазбек Атамбаев  улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, Кыргызстандагы социалдык стабилдүүлүккө залакасын тийгизбегидей шарттарда гана  Кыргызстан башка өлкөлөр менен  интеграциялык процесстерге катышаарын баса белгилеп, бул багытта Евразия экономикалык комиссиясы менен мындан ары дагы тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырма берди.

2013-жыл 11-декабрь