Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиев Президент Алмазбек Атамбаевге өлкөнүн улуттук коопсуздугуна, терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшкө тиешелүү милдеттерди чечүү боюнча мекеменин ишмердиги тууралуу маалымат берди.

2013-жыл 12-декабрь