Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эстониянын Премьер-министри Андрус Ансип менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев  Кыргызстанга  расмий сапар менен келген Эстония Республикасынын Премьер-министри Андрус Ансип менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  кыргыз-эстон мамилелеринин түрдүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстандын Эстония менен, ошондой эле   Европа Союзу менен мамилелерин мында ары активдештирүү зарылчылыгын белгиледи.

Өз кезегинде Премьер-министр Андрус Ансип Кыргызстан менен Эстония  түрдүү эл аралык уюмдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенишип, саясый багытта ийгиликтүү кызматташып жаткандыгын  белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Андрус Ансип бул расмий сапар Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берээрине ишенимин билдиришти.

2013-жыл 13-декабрь