Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди бүгүн, 16-декабрда белгиленүүчү Казакстан Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Нурсултан Абишевич,

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман  Казакстандын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Мамлекеттерибиздин элдеринин жыргалчылыгына багытталган кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө ишенимимди билдирем.

Ушул жакшы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге, урматтуу Нурсултан Абишевич, чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде  мындан ары  дагы ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 16-декабрь