Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 18-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мамлекет башчысына учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана өлкөнүн энергетикалык системасынын абалы, кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча энергетиктер көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Министр Осмонбек Артыкбаев Президент Алмазбек Атамбаевге Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын жана «Датка-Кемин» ЛЭП курулуштары боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун баштоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү жана өлкөнүн газтранспорттук инфраструктурасына стратегиялык инвестордун кирүү процесси тууралуу  айтып берди.

Мамлекет башчысы  кыш мезгилин  ийгиликтүү өткөрүүнүн маанисин жана  калкты электр, жылуулук менен камсыз кылуу боюнча келип чыккан маселелерди биринчи кезекте чечүү үчүн энергетиктердин кошумча аракеттерин жумшоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев министрин көңүлүн белгиленген бардык долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашырууну жана өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылчылыгына бурду.

 

2013-жыл 18-декабрь