Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелди Германиянын Федералдык канцлери болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери кызматына  кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы Германиянын Федералдык Өкмөтү Кыргызстанга  демократиялык кайра түзүүлөрдү тереңдетүүдө жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө ар дайым колдоо жана көмөк көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи.

Президент азыркы учурда кыргыз-германиялык мамилелери өнүгүүнүн жаңы этабына өтүп, өлкөлөрүбүздүн  узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына төп келген өз ара пайдалуу негиздерге ээ болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди жана бакубаттуулук, ал эми Германиянын достук элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

2013-жыл 19-декабрь