Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Роухани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиден Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстан элине Жаңы жыл менен куттуктоо келип түштү.

Куттуктоо телеграммасында Ирандын Президенти өзү Кыргызстандын Президентин жана өлкөнүн Өкмөтүн жана элин  келе жаткан 2014-жыл менен куттуктайт.

 “Келе жаткан жылы өз ара кызматташууга, эки эселенген тилектештикке, дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту  жана бейпилчиликти  чыңдоого, өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоого күбө болобуз деп үмүттөнөм. Жараткандан  Сиздерге   ден соолук жана ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын элине гүлдөп өнүгүү жана бакыт таалай тилейм”, -деп айтылат Хасан Роуханинин куттуктосунда.

2013-жыл 30-декабрь