Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Россияга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда,  иш сапар менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди.

Иш сапарынын алкагында  Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле  ар кыл тармактарда, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулайт.

2015-жыл 7-октябрь