Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Александр Лукашенкону Белоруссиянын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-октябрда, Беларусь Республикасынын Президенти кызматына шайланышына байланыштуу Александр Лукашенконун дарегине куттуктоо жөнөттү.

Мамлекет башчысы куттуктоо телеграммасында Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосундагы достук мамилелер жана өз ара пайдалуу кызматташуу биргелешкен аракеттердин аркасында өнүгө берээрине ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев шайланган Президент Александр Лукашенкого чың ден-соолук,бакубатчылык жана жооптуу кызматта алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Беларусь элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 13-октябрь