Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевиш сапар менен Казакстанга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 15-октябрында, Казакстан Республикасына иш сапар менен келди.

Иш сапардын алкагында 2015-жылдын 16-октябрында Президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык Жогорку Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Жыйындар Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда өтөт.

2015-жыл 15-октябрь