Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан КМШга төрагалыкты үзүрлүү өткөрүү үчүн бардык күч аракетин жумшайт»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-октябрнда Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты. Жыйын Бурабай поселогунда өткөрүлдү. 

Биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин Мамлекет башчылары КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышуу үчүн залга бет алышты.

Жыйынды ачып жатып, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев  Кыргызстанды, анын  Президенти катары Алмазбек Атамбаевди биринчи жолуу туруктуу кырдаалда  өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. “Эл өзүнүн кеменгерлигин көрсөтүп, тынч мамлекетте жашагысы келээрин далилдеди.  Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө өз салымын кошот деп ишенем”,-деди Нурсултан Назарбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан  интеграцияны маанилүү фактор катары эсептеп, Шериктеш өлкөлөрүнө күн тартибин жана приоритеттерди учурдун жаңы талаптарына ылайыкташтырууну сунуш кылаарын баса белгиледи. ”Мына ушуга байланыштуу  бүгүнкү жыйында  КМШнын мамлекет башчыларынын  эл аралык терроризмге каршы күрөш жөнүндө Билдирүүсүн кабыл алуу зарыл деп эсептейбиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан 2016-жылы КМШга төрагалык кылчу мамлекет катары  КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына төп келген ишти улантууну колго алып, өз ара пайдалуу кызматташууну ырааттуулук менен чыңдоо принциптерин катуу сактамакчы.

“Биз Шериктештикке төрагалык кылуунун тиешелүү Концепциясынын долбоорун даярдап койдук. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Концепция белгиленген тартипте расмий түрдө сунушталат. 2016-жылы Бишкекте КМШнын юбилейлик Саммитин өткөрүү боюнча сыймыктуу милдет бизге туш келди. Шериктештиктин түзүлүшүнүн 25 жылдыгына байланыштуу Билдирүү Саммиттин негизги маселеси  болот”,-деди Алмазбек Атамбаев.

“Бул жыйынды биз 2016-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуш кылабыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан тең төрагалык кылуучу Казакстан жана Россия менен бирдикте 2016-жылы Шериктештикке төрагалыкты үзүрлүү өткөрүү үчүн бардык күч аракетин жумшайт деп ишендирди.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевке төрагалык кылган мезгилде Шериктештиктин ишине натыйжалуу жетекчилик кылгандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары КМШнын алкагында өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусун  мындан ары чыңдоого өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

2015-жыл 16-октябрь