Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешине мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-октябрда Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Бурабай поселогунда өткөн Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешине мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышты.

Евразиялык экономикалык бирликти мындан ары өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелери талкууланган Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешинин мамлекет башчыларынын  тар чөйрөдөгү жыйынынан кийин жолугушуу кеңири форматта улантылды.

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Евразиялык экономикалык бирликтин(ЕАЭБ) катышуучу-мамлекет башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын Президенти  Алмазбек Атамбаевдин сунушу боюнча  Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусуна жана бул кадамдын натыйжалуулугуна байланыштуу маселелер талкуулангандыгын белгиледи. “Тар чөйрөдөгү жыйында  Россия жана Казакстан  Кыргызстан менен чек арада абдан кылдаттык менен иш жүргүзүп, өлкөнүн эли ЕАЭБ кошулуудан пайда болоорун сезгидей жумуштарды жасашат деген чечим кабыл алынды”,-деп баса белгиледи Александр Лукашенко.

Кеңири курамдагы жыйындын жүрүшүндө Мамлекет башчылары Евразиялык экономикалык бирлик менен Евразиялык экономикалык комиссиясынын башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенишүүсүнүн тартибин аныктаган бир катар документтерге кол коюшту.

Андан тышкары, Мамлекет башчылары  кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитти. Ал тизменин негизинде  ЕАЭБ  кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногун калыптандыруу  либерализациялоо боюнча пландарга ылайык ишке ашырылат.

Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешинин катышуучу-мамлекет башчыларынын жыйыны аяктаары менен, Президент Алмазбек Атамбаев баштаган  делегация бүгүн Бишкекке кайтып келет.

2015-жыл 16-октябрь