Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев белгилүү скульптор, Кыргыз Эл Баатыры Тургунбай Садыковду 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Тургунбай Садыкович!

Сизди 80 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм!

Сиз кыргыз улуттук монументалдык искусствосун бийик деңгээлге алып чыгууга зор салым коштуңуз. Мамлекетибиздин борбору - Бишкек шаарын архитектуралык жактан мыкты жасалгаланышына көп эмгек жумшадыңыз. Сиздин колуңуздан жаралган айкелдер, монументтер жана комплекстер  өлкөбүздүн көп жерлерин көрккө чыгарып,  Кыргызстан тарыхынын  урунттуу учурларын көз алдыбызга тартып турат.

Скульптордук өнөр менен бирге агартуучулук иштерге дагы аралашып, Бишкектеги улуттук көркөм өнөр академиясын калыптандырып, ага караштуу таланттуу балдардын жатак-мектебин негиздедиңиз. Көркөм өнөр искусствосунда татыктуу таланттарды тарбиялоого көп күч аракет жумшап келесиз.

Сиздин  көркөм искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз мамлекет тарабынан  ар дайым татыктуу бааланып келди. Чыгармачыл эмгегиңиз үчүн эң жогорку сыйлыктар  - Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын  Баатыры наамдары ыйгарылды. СССР  эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги болдуңуз. СССРдин Ленин сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлык тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм өнөр академиясы Сиздин ысымыңызды алып жүрөт.

Сиз 80 жылдык бийик ашууну багындырып, эмгек сиңирген кадырлуу  карыя катары элиңиздин урмат-сыйына татып турасыз. Ошого карабастан, Улуттук көркөм өнөр академиясын жетектеп, өнөрүңүздү жаштарга үйрөтүп келесиз. Мындан ары дагы  бай тажрыйбаңызды, терең билимиңизди жана күч-кубатыңызды Кыргызстандын жаркын келечегине жумшай беришиңизге тилектешмин.

Сизге чың ден-соолук, узак өмүр, бакубатчылык  жана  чыгармачылык  ийгиликтерди каалайм!"

Кыргыз Республикасынын

Президенти       Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 21-октябрь