Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 10-декабрда өлкөбүздүн финансы министри  Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшү, ошондой эле өлкөбүздүн бюджетинин кирешелеринин, ресурстарынын жана чыгашаларынын тең салмакталган  планы чагылдырыла турган  2016-жылдагы башкы финансылык документтин негизги приоритеттери тууралуу маалымат берилди.

Адылбек Касымалиев  ошону менен бирге  арзан  жана сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында мамлекеттик финансыларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптимизациялоо, ошондой эле бюджеттик процесстердин ачык-айрымдуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында  айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджеттин тең салмактуулугун сактоонун,  аны так аткаруу зарылдыгын, ошондой эле жарандар алдындагы социалдык бардык милдеттенмелерди толугу менен жана өз учурунда  аткарууну камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.

2015-жыл 10-декабрь