Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттин Биринчи вице-премьер-министри Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 13-декабрда Кувейт Мамлекетине расмий визитинин алкагында Кувейттин Биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри, Араб Экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун төрагасы Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы инвестициялык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туристтик чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери, ошондой эле  аймактык жана эл аралык маселелердин олуттуу аспектилери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  кувейт  тарапка Кувейтке расмий визит менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле  жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу  үчүн ыраазычылык айтып, Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабахты келерки жылы сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Президент кувейт тарапты Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы кызматташууну активдештирүүгө чакырды.

Кувейттин биринчи вице-премьер-министри Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп жаткандыгына кубанычтуу экендигин белгиледи.

Ал Президент Алмазбек  Атамбаевдин сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу каралгандыгын эске салды. “Бул макулдашуулар  Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө өбөлгө болот”,- деди Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах.

Кувейттин Биринчи вице-премьер-министри ошону менен бирге  бүгүн, 13-декабрда Кувейтте өтө турган кыргыз-кувейт инвестициялык форум  Кыргызстан менен Кувейттин бизнес-түзүмдөрүнүн байланыштарын тереңдетүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү  берээрин  баса белгиледи.

2015-жыл 13-декабрь