Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Марзук Аль-Ганем менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 13-декабрында, Кувейт Мамлекетине расмий визитинин алкагында Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Марзук Аль-Ганем менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марзук Аль-Ганем Президент  Алмазбек Атамбаевди Кувейттин парламентинин жана депутаттарынын атынан жылуу кабыл алды.

Улуттук Ассамблеянын Төрагасы Мамлекет башчысына  Кувейттин парламентинин ишмердиги, анын мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн өнүгүшүнө таасири  тууралуу айтып берди. “Биз кыргыз-кувейттик эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча бардык демилгелерди колдооого даярбыз. Биз Кыргызстанга багытталган ишке ашырылып жаткан  бардык долбоорлорду жана инвестицияларды колдойбуз”,- деди Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы.

Марзук Аль-Ганем  ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди активдештирүүгө  түрткү берээрине ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  өз кезегинде  Кыргызстанга тартылып жаткан ишке ашырылып жаткан  кыргыз-кувейттик долбоорлорду жана инвестицияларды колдоо тууралуу ниети үчүн Кувейт парламентине ыраазычылык билдирди. “Биз Сизди Кыргызстанга сапар менен келип кетет деп күтөбүз”,- деди Алмазбек Атамбаев. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан  парламенттик демократия жолун тандап алгандыгын жана  мындан ары дагы бул багытта  өнүгүүгө ниеттенгендигин баса белгиледи.

2015-жыл 13-декабрь