Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 13-декабрда Кувейт Мамлекетине расмий визитинин алкагында Кувейт  Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кувейт  Мамлекетинин Эмири Президент Алмазбек  Атамбаевди  жана Кыргызстан делегациясын жылуу кабыл алды.  

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттин  Эмирине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, жооп иретинде Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах  келерки жылы Кыргызстанга келип кетүү ниетин билдирип, республикага жана өлкөнүн элине гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосунда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Андан тышкары Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах  эки мамлекеттин министрлеринин деңгээлинде Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери боюнча деталдуу талкуу өткөрүүнү сунуштады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча  мамлекет башчыларынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу  жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлерин Кувейт Мамлектинин визалык талаптарынан бошотуу жөнүндө макулдашуу;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашуу;     

-  Эки тараптуу консультациялар боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда  өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.   

2015-жыл 13-декабрь