Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Кувейттеги Элчилигинин ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 14-декабрында, Кувейт Мамлекетине расмий сапарынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн  имаратын көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин кызматкерлери менен жолугушту.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылыш аземине ошондой эле  Кувейт Мамлекетинин Биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы катышышты.

Элчиликтин ачылыш аземинен  кийин Мамлекет башчысы Катар Мамлекетине иш сапар менен жөнөп кетет.

2015-жыл 14-декабрь