Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протокол ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 16-октябрында  Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Ратификацияланган протокол Казакстан Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ)  кошулуусуна байланыштуу  ЕАЭБ бажы аймагына айрым товарлардын түрлөрүн алып келүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Протоколдо  ЕАЭБнин  Бирдиктүү  бажы тарифтерине караганда кыйла төмөнкү коюмдар  менен импорттолуучу товарларды Казакстандын чегинен тышкары бажы алымдарынын айырмасын толуктап төлөмөйүнчө, мындай товарларды жүгүртүүнүн жалпы схемасы боюнча ташып чыгарууга жол бербөө тууралуу чараларды кабыл алуу боюнча Казакстан Республикасынын  милдеттенмелери аныкталат жана  ошондой эле  алардын жүгүрүшүн администрациялоонун жана контролдоонун механизмдери аныкталат.

Протокол  ДСУга кошулуусунун алкагында Казакстан тарабынан  кабыл алынган милдеттенмелер Казакстандын рыногуна гана таралышына мүмкүнчүлүк берип, администрациялоонун системасын  бажы алымдарынын  коюмунун айырмасы  ЕАЭБнин башка мүчө-өлкөлөрүнө зыян келтирбегидей кылып түзүүгө жол ачат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 14-декабрь