Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 15-декабрында Катар Мамлекетине жасаган иш сапарынын алкагында Катар Мамлекетинин Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-катардык  мындан аркы кызматташуунун маселелерин талкуулоо үчүн экинчи ирет жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  өз кезегинде Эмир Тамим Бин Хамад Аль Таниге  жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, акыркы жылдары өлкө жетишкен ийгиликтер туурасында баяндап берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө  түрдүү чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Андан кийин жолугушуу «бетме-бет» форматында өттү.

2015-жыл 15-декабрь