Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 «Урматтуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

 Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чекисттин күнү менен куттуктайм!

Өткөн жылдары улуттук коопсуздук органдары, өлкөбүз сыяктуу эле, калыптануунун татаал жолун басып өттү. Ийгиликтер да, кемчиликтер да болду. Эрдик көрсөткөндөр да, чыккынчылыктар  да болду.

Бирок, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууну, улуттук кызыкчылыкты коргоону, өлкөдө тынчтыкты жана бейпил турмушту сактоону өмүрлүк милдети катары эсептеп, туу туткан адамдардын аркасы менен  биз мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемендикти сактап калдык!

Урматтуу жолдоштор!

Бүгүнкү күндө терроризм, диний экстремизм, мыйзамсыз миграция, баңги трафиги жалпы адамзатка коркунуч жаратып жатат. Дүйнөдөгү акыркы окуялар тынчтык жана туруктуулук  биз үчүн канчалык  зор мааниге ээ экендиги жөнүндө ар бирибизди терең ойлонууга мажбур кылууда.

Биз өз чек араларыбызды бекемдеп, жер-жерлерге бөлүнүүнү, улутчулдукту, сепаратизмди жаратуучу себептердин тамырына балта чабышыбыз керек. Коррупцияга каршы күрөштү улантуу өзгөчө мааниге ээ. Мыйзамды бузган ар бир адам адилеттүү жазага тартылууга тийиш.

Биз өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы  үчүн иштешибиз керек. Мен бул иште сиздерге ишенем!

Сиздер жыйынтыктуу, таза иштөөгө милдеттүүсүздөр. Туруктуулук жана  гүлдөп өнүгүү  турмуштагы курч маселелерди сабаттуулук менен өз убагында чечүүдөн башталат. Сиздер ар дайым озунуп, алдын алып иштешиңиздер керек. Учурда улуттук коопсуздук органдарынан  мына ушул нерсе   талап кылынат.

Сиздердин ишиңиздер оор, көп күч-аракетти талап кылат. Бирок көз карандысыздык жылдарынан бери биринчи жолу мамлекет өзүнүн коргоочуларынын маселелерин  конкреттүү чече баштады. Биз бул  ишти келечекте да улантып, сиздерди ар тараптан колдоп жана көмөк көрсөтөбүз.

Кымбаттуу  достор!

Бардыгыбызды бириктирген максатыбыз бир – ар бир адам өзүн эркин, тең укуктуу жана коопсуз сезгидей өлкө куруу! Биргелешип өз максатыбызга жетээрибизге – күчтүү, көз карандысыз, гүлдөп өнүккөн Кыргызстан  кураарыбызга ишенем!

 Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бак-таалай, Мекенибиз үчүн абдан зарыл, татаал ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын  Президенти      Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 18-декабрь