Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Россияга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-декабрда иш сапар менен Россия Федерациясына жөнөп келди.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясына жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдө өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулашат.

2015-жыл 21-декабрь