Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 21-декабрында, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынан алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Россиянын Президенти Мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, тараптар байма-бай жолугушуп, түрдүү маселелерди талкуулап жатышканын белгиледи.

“Биз достор болгондуктан, байланыштарыбызды мындан ары тереңдетүү үчүн аракет жумшоого даярбыз. Биз тез-тез жолугушуп турабыз, анын ичинде интеграциялык кызматташуунун алкагында дагы, бул жагдай көбүрөөк пикир алмашууга түрткү берет”,-дедиВладимир Путин.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экендигин билдирди.

Президент  Жаңы жыл алдында дайыма жакшылыктан үмүт кылаарын айтты.

“Келерки жылы улуу Россия элинин дагы, биздин элибиздин дагы иши илгерилей беришине Жараткан жол ачсын”,-деди Мамлекет башчысы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев  менен Владимир Путин эки тараптуу кызматташуунун өз ара кызыгуу туудурган  актуалдуу маселелерин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

2015-жыл 22-декабрь